Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнүн картошкасын киргизбей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Искендер Гаипкулов айтты.
Ал Кыргыз өлкөсү да ушундай кадамга барышы керек деген пикирде.
"Эмнеге Өзбекстан картошканы киргизбей койду? Эмнеге биз да ушинтип аларга тыюу сала албайбыз? Ушуларды караш керек. Чек ара ачылды. Мөмө-жемиштин баалары түшүп, дыйкандар банкрот болот деп март айында эле айткан элек. Мына эми баалар түшүп кетти деп келип жатасыңар", - деди Гаипкулов.
Жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өлкөнүн түштүк аймагында мөмө-жемиш, жашылчалардын баалары түшүп кеткенин ырастады.