"Ломбарддан карыз алуу көлөмүн 100 миң сомдон ашырбоо керек". Мындай сунушту Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде депутаттар Айнура Осмонова, Азамат Арапбаев беришти.
Аталган сунуш боюнча атайын мыйзам өкмөт эмес, депутаттар тарабынан иштелип чыгат. "Ломбарддын 100 миң сомдон ашык каражат берүүсүнө тыюу салыш керек. Алар салык төлөбөй жатышат. Бирок адамдардын өмүрү менен ойногон учурлар катталууда. Азыр канчалаган тагдырлар аларга байланып отурат. Канча кымбат нерсени күрөөгө койсо да бул чектен ашык каражат берилбеши керек", - деди Осмонова.