Бүгүн, 11-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунда Бишкектен Ошко уча турган учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам өз убагынан кеч учту. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, "Tez Jet" авиакомпаниясынын учагы саат 15:35те учмак. Бирок белгисиз себептерден улам катуу силкинип, бир аз четке жылган. Мындан улам жүргүнчүлөрдү башка учакка которуп, ал саат 17:06да учуп кеткен.
Учурда биринчи уча турган учак эмне себептен уча албай калгандыгы изилденүүдө.