Түркиянын Кыргыз жериндеги элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Түркиянын Кыргыз жериндеги элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн, 11-сентябрь күнү Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат министрликке чакыртылды. Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-2-сентябрдагы иш сапарынын алкагында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу тууралуу жана Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык тууралуу Жогорку Кеңештин төртүнчү отурумунун жыйынтыктары тууралуу сөз болду.

Мындан сырткары Кыргыз тарап элчиге коомчулукка бир гана объективдүү маалыматты жеткирип туруу каалоосун билдирди", - деп маалымдашты министрликтен.

Түрк элчиси 10-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, анда "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
i1urp
2018-09-11 19:56:48
Эгемендуулугубуздун дагы бир жерин Соке Эрдоганга кесип берди. Дагы ким калды. Кыргызстан талтайып эки жакты кылчайбай, Орусия менен гана жашап кете алабыз. Мен ар дайым Путинди колдойм.
-3
Bazake
2018-09-11 22:19:55
i1urp, Эгемендуулукту эч ким ала албайт.Бул элчи тилинен жанылып жатат.
-3
Chagylgan2
2018-09-11 23:53:45
Bazake, элчи тилинен жанылып жатабы же Соке жанылдыбы?!! Башка олко президенттери бизге кандай жашоону уйротуп, палан-тукунду кармап байлап бер деп ультиматум коюп жатса, эгемендуулугубузго доо кеткени ошол эмеспи...

-1
Ka2sr1
2018-09-11 20:29:22
Сокебиздин мугалимдердин денгеелин молдолордон томон коргону менин кыжырмды келтирди. Канчалаган илимпоздор мектептен чыгып жатса, ыйманды мечиттен издегени туура эмес. Соке суйлогондо бир эле Чубактын тушунугун айтпай, атеисттердин, светский адамдардын, христяндардын, тенирчилердин, айтор баардык адамдардын оюн бирдей алып журсо. Мечитке баргандар ыймандуу, барбагандар ким экен анда? Айткылачы.
-2
Tolkun555
2018-09-11 20:32:33
Ka2sr1,ыйман деген соз араб тилинен келген.кыргызча ишеним дегенди тушундурот.
+5
Ka2sr1
2018-09-11 20:34:32
Tolkun555,Арабча тушунук менен журо бергиле. Турмолордун саны боюнча, кылмыштын саны боюнча Ислам жана Араб, Африка олколору алдынкы орундарды ээлейт. Анткени бул жерлерде мектеп эмес мечиттер толтура.
-2
Dalil
2018-09-12 09:02:59
Ka2sr1, бир аз ой жүгүртүп сүйлөчү. Мугалимдердин деңгээлин молдолорго салыштырдыбы ал жерде. Ыйман башка илим башка нерсе. Өзүңөрчө эле трагедия кыла бербегилечи. Анан президент теңирчилигиңе ишенбесе ал оюңарды алып жүргөнгө милдеттүү эмес.
-3
erlan2196
2018-09-11 21:00:07
Жакшы кишилердин саны мечиттер аркылуу кобойот деген - бул туура эмес. Муну президент бир жактуу гана айтып алды. Ата-энелик тарбия деген бар, билим беруу системасы кандай, олконун экономикалык жагы чон ролду ойнойт. Айтор бул комплекстуу маселе. Мына бул Маариф деген бизге эмне берет? Окуучуларды кайсы тарапка суйройт? Кызыккан киши барбы?
+3
Bazake
2018-09-11 22:24:05
erlan2196,Мечит жакшылыкка гана чакырат
0
Chagylgan2
2018-09-12 00:00:22
Bazake, мечит жакшылыкка чакырганы менен, ошол чакыруусу элге жетпей жатса, муфтият озу коррупцияга малынып отурса, мечиттердин санын кобойтолу дегени акмактык эмеспи?!! Сандан сапатка отпойбу эч болбосо... Тигине жашы 18ше толо элек кыздар до утро эркектер менен журот кучакташып обушуп. Бирин ону жыйырмасы келип тепкилеп кетип жатат. Элдин ыйманы ошолбу?!! Кана ошол мечиттин уну элге жеткени?!!
-1
Chagylgan2
2018-09-12 00:08:19
Тема боюнча айтканда Туркия бизге туура эмес ультиматум коюп жатат. Эрдоган-Гулен тиреши бул Туркиянын ички маселеси. Ага Кыргызстанды аралаштырганы туура эмес. Себат лицейлери турк Окмотунун акчасына курулган эмес, тиги турк элчиси дооруп "турк жарандарынын салыгынын эсебинен" курулган деп тантып жатат. Же турктор салыкты казынага эмес, Гулендин чонтонуно токчу беле?!!

Мага лично Гулен ким, анын идеологиясы кандай, вообще кызыктырбайт.
+2
Chagylgan2
2018-09-12 00:12:24
Бирок Себат лицейлери Кыргызстаена келгенине 20 жылдан ашты. Бул аралыкта Себаттын олкого салымы зор. Олимпиадалардын женуучулорунун хотя бы жарымы саналуу турк лицейи окуучулары болгон болот.

Эрдоган Кыргызстанда Маариф мектептерин ачууну кааласа биз каршы эмеспиз. Бирок Себат лицейлерин жайына коюп озунчо мектеп ачсын. Себат лицейлерине мурдун тыкпасын. Бул жер КЫРГЫЗСТАН, Туркия эмес!!!
+4
faraon312
2018-09-12 00:25:50
Chagylgan2,эң туура айттыңыз! Эрдоган Кыргызстанга суук колун салып атат, Сокени далыга таптап коюп. Өз максатын ишке ашырыш үчүн гана келишимге кол койду. Аны биздин кошоматчылар капарга алган жок. Мектеп ачкысы келсе мариф эмес сарифин кошо ачсын өз акчасына. Даяр "Сапат" мектептерин булгабай. Биздин мыкты окуучулар чыккан жайды курутуп, өз саясатын жүргүзөт эми. Ушуга жол берген бийлик, силер бийлик деле эмессиңер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан