Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддин алкагында туура эмес жайга токтотулган 80 айдоочунун унаасы эвакуатор менен айып пул төлөөчү жайга жеткирилди.
Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей 6-сентябрдан 9-сентябрга чейин "Парковка" аталышында жүргүзүлгөн рейддин алкагында 171 айдоочунун унаасы атайын токтотуучу жайга киргизилген. Анын ичинен 80 унаа туура эмес жайга токтотулганы үчүн эвакуацияланган.
4 күндүк рейддин алкагында жалпы санынан туура эмес жайга, атайын белгилер турганына карабастан унааларын токтоткон 678 айдоочуга протокол түзүлүп, айып пул салынган.