Нарында 10-декабрга чейин адам сатууга каршы акция өтөт

Нарын облусунда 10-сентябрдан 10-декабрга чейин адам сатууга каршы акция өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты адам сатуу, эмгекке мажбурлоо көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жаштар уюмдарына маалыматты жеткиликтүү кылуу болуп эсептелет.

"Адам сатууга каршы 100 күн" акциясынын алкагында 16 жаштан 20 жашка чейинки жаштар менен жолугушуулар, "Орган сатуу- кылмыш. Балдарды сатуу - кылмыш" аттуу темада дебат, спорттун футбол, волейбол жана хоккей түрлөрү, макала жазуу, сүрөт тартуу боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева адамдарды сатууга каршы күрөшүү багытында облустук Кординациялык кеңеш түзүлүп, аймактарда иш-чаралар кабыл алынганын айтты. Ошондой эле чет өлкөгө чыгуунун коркунучтары, эрежелери боюнча жаштарга, окуучуларга, ата-энелерге ар кандай форматта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Эске салсак, мындай аталыштагы акция биринчи жолу республиканын аймагында 2017-жылдын 31-июлунан баштап жыл аягына чейин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында эстафета катары уюштурулган. Нарын облусунда аталган акция өткөн жылдын 4-октябрынан 18-октябрына чейин өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан