Эрлан Абдылдаев: "Тажикстандын түрмөлөрүндө 36 Кыргыз жараны жатат"

Дүйнөнүн өнүккөн 45 мамлекетине бир тараптуу визасыз режим киргизилген. Аталган маалыматты парламенттин жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Депутат Руслан Казакбаев: "Кытайдан башка коңшу өлкөлөр менен каттоосуз иштөө режимин киргизсе болобу", - деп сурады.

"Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүү алып барса болот. Бирок алар кандай шарт коёт, билбейм. Сунушуңуз жакшы. Аракет кылалы", - деди Абдылдаев.

Ошондой эле эл өкүлү Тажикстанда канча Кыргыз жараны түрмөдө отурганына кызыкты. Абдылдаев мындай жарандардын саны 36га жетерин айтты. "Тышкы иштер министрлиги камактагы жарандарыбызды кайтаруу аракетин жүргүзүп жатат. Кытайдан 2 жаранды кайтардык. Орусия менен да иш алып баруудабыз. Тажикстан да ал тизмеде бар", - деди Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан