Депутаттар Кытайга виза алуу маселеси татаалдашып кеткенин айтышты

"Казакстан менен Орусиянын жарандары Кытайга визаны оңой эле алууда, бирок Кыргыз жарандары бул жеңилдиктен куру калган". Мындай пикирин эл өкүлдөрү парламенттин жыйынында билдиришти.

Депутат Эмил Токтошев Кытай менен акыркы 2 жылда мамилебиз начарлап кеткенин айтты. "Мамилебиз жакшы болбой жатат. Жарандарыбыз виза ала албай жатышат. Ишкерлер кыйналышууда. Жарылуу себеп болду десек, анын себептери аныкталды да. Бул саясатты силер, Тышкы иштер министрлиги, жүргүзүшүңөр керек эле", - деди Токтошев.

Депутат Алмазбек Эргешов да аталган маселе курч болуп жатканын айтып, виза алууда айрыкча ишкерлер кыйналып жатканын айтты.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай өлкөсү менен мамилебиз жакшы экенин айтып, Кытай визаны Кыргыз өлкөсүнөн башка мамлекеттерге да берүүнү татаалдаштырып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-09-12 12:20:20
Алар элдерин башка олкого кетире албай жатышса, анан кантип Кытайга кирген визаны женилдетишмек эле. Ал жакта адамдар батпай жатышат да, ошол себептен татаалдаштырып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан