Тышкы иштер министри Москвадагы унаа кырсыгы тууралуу: "Жарандарыбыз башка мамлекетте мыйзамдарды сактап жүрсө жакшы болмок"

Депутат Рада Туманбаева тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден "Кыргыз жарандарынын Москвада унаа кырсыгына кабылганы боюнча кандай маалымат бар" деп сурады.

Эл өкүлү аталган жол кырсыгынан кийин Кыргыз жарандарына кысым болуп жатканын айтты.

Эрлан Абдылдаев элчилик колдон келген аракеттерди көрүп жатканын билдирди. "Элчиликке атайын тапшырмалар берилген. Алар диаспора лидерлери менен иш жүргүзүүдө. Жарандарыбыз да башка мамлекеттерге барганда ошол өлкөнүн мыйзамдарын сактап жүрсө жакшы болмок", - деди ал. Ошондой эле министр учурда Орусияда 600 миңдей Кыргыз жараны бар экенин жана аларга толук жетишүү кыйын болуп жатканын белгиледи.

Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу кылмышка шектүүнүн карындашы, андан кийин өзү дагы окуя тууралуу көрсөтмө берген.
Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына уулун окуя болгонго чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2018-09-12 11:40:47
Эң туура! Кайсыл мамлекетте жашасаң ошол жердин ырын ырда!!!
+2
Pandora
2018-09-12 11:52:55
Башка мамлекетте эле эмес озубуздо деле сактаса жакшы болмок
+2
kolyn
2018-09-12 15:53:06
Иштегени келгенден кийин тынч эле иштеп кетели айланып кетейин кыргызым
0
Papanosh
2018-09-12 18:45:54
Кыргызстандын айдоочук куболугу менен 25 жашка чейинкилерге тыюу салыш керек жон эле журот жаш балдар аренда толойт
0
Papanosh
2018-09-12 18:47:14
Такси кылгандарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан