"Ким болбосун мамлекетке зыян келтирсе,ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деп бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында айтты.
Ал келерки жылы укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыш иштер атайын тиркелип коомчулукка жарыяланарын айтты.
"2019-жылдын 1-январынан тарта укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыш иштеринин тизмеси тиркелген атайын тиркеме иштеп баштайт. Азыркы тапта анын техникалык иштери даярдалууда. Мындан сырткары коомчулук козголгон кылмыш иштердин тергелиши менен онлайн түрдө таанышып турушат. Бул прокурорлор менен тергөөчүлөрдүн кылмышкерди калкалоонун зарылдыгы канчалык экенин билүүсүнө түрткү болот", - деди Сагынбаев.