Жанар Акаев: "Дүйнөдөгү баңгизаттын 10 пайызы Кыргыз өлкөсүнөн ташылып өтөт экен"

Жанар Акаев"Кыргыз өлкөсүнө кирип-чыккан жарандар тууралуу так маалымат жок. Бул жакшы эмес". Мындай сөздү депутат Аалы Карашев парламент жыйынында айтты.

Эл өкүлү коопсуздук маселеси жакшы каралбай жатканын айтты.

Ал эми депутат Жанар Акаев Кыргыз өлкөсүнөн ташылып жаткан баңгизаттар тууралуу маселени козгоду. "Дүйнөдөгү баңгизаттын 10 пайызы Кыргыз өлкөсү аркылуу ташылып өтөт деген маалымат бар. Ооганстандан бизге келип, Орусияга, андан ары дүйнөгө тарайт экен", - деди Акаев.

Ал Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн картошканы киргизүүгө тыюу салганын кошумчалады. "Буга өкмөт жакшы көңүл бурушу керек. Алар биз аркылуу товарларын ЕАЭБге чыгарып жатышат. Эмне үчүн мындай болуп жатат. Түшүндүрүп кетсеңер", - деди эл өкүлү. Бул маселе боюнча маалымат берүү боюнча өкмөткө атайын тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beka666
2018-09-12 12:38:42
Жакшы маселени которуп чыгыптыр, аягына чейин барышса жакшы болот эле, ара жолдо калтырып койбой
+2
vikidiki
2018-09-12 21:34:44
"Аны коюп Манасты айт"дегендей, гимнди жаттачы бай болгур. Тим эле суйлосо, тилинен чан чыгат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан