"Таблиги жамаатка" тыюу салынган эмес". Аталган маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын антитеррористтик борборунун директорунун орун басары Канжар Бокаев билдирди.
Бокаев аталган жамааттын үстүнөн сотко арыз түшпөгөнү буга себеп экенин кошумчалады. Депутат Кожобек Рыспаев таблиги жамаатка ким мүчө экени тууралуу маалыматтар көп экенин айтып, бир чара көрүүгө чакырды.
Маалыматка караганда, аталган жамааттын ишмердүүлүгүнө бир нече өлкөдө тыюу салынган. "Кайсы жерде "Таблиги жамааты" бар экенин коомчулук билет. Силер билбейбиз деп жатасыңар. Биз таап берели", - деди Рыспаев.
Депутат Мирлан Жээнчороев: "Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусияда бул жамаатка тыюу салынган болсо эмнеге биз булардын ишмердүүлүгүн байкабай жатабыз?" - деп суроо берди. УКМКнын өкүлү Кыргыз мамлекетинде диний абал жакшы экенин айтып, таблиги жамааты боюнча коомчулукта талаштуу маселелер бар экенин белгиледи.