SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башка улуттун кызына үйлөнгүм келип жүрөт" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Саламатсыздарбы, форумчулар? Кеңешиңерден бөлүшкүлөчү, мен өзүм кыздар менен сүйлөшкөндө тартынчаак келем. Ушул адатымды кантип таштасам болот? Азыр жашым 27де, ишенсеңер ушул убакытка чейин бир дагы кыз менен узак убакытка сүйлөшүп көрө элекмин. Азыркы учурда Орусияда иштеп жүрөм, бирөө менен кыз-жигит мамиледе жүрөбүз, бирок ал мага анча жакпайт. Мына ошол сүйлөшкөн кызымдын кудачасын жактырып жүрөм. Мен жактырган кыздын улуту өзбек, бирок Кыргыз жеринде эле жашайт. Байкаштырсам аябагандай жакшы кыз көрүнөт. Кыргыз тилин жакшы билет, өзүнө тың кыз экен. Мага кеңеш бергилечи эмне кылсам? Быйыл сөзсүз үйлөнүшүм керек болуп жатат?" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Эгер өзбек болсо анда ал сени башкарат го!? Эми жактырсаң үйлөнө бер, эч коркпо, тартынба, уялба".
- "Кыздар башка улут өкүлүнө турмушка чыгам десе асылып жатып каласыңар ээ? Өзүңөр үйлөнсөңөр эч ким унчукпайт. Дагы өзбек дейт, үйлөнө бер, бирок ошол эле учурда кыздар башка улут өкүлүнө тийсе унчукпашың керек эми. Себеби биринчи өзүңдү күзгүдөн карашың керек болот".
- "Мен башка улутка үйлөнүү, турмушка чыгуу боюнча каршылыгым жок. Менин дос кызым корейге турмушка чыкты. 4 жыл болду, келип-кетип сонун жашап жатат. Менин дагы бир дос кызым тамашалап "кара терилүү жигитке турмушка чыгам" деп айта берет. Менин оюмча, келечекте миллион жылдардан кийин улут деген жоюлуп, жалпы эле эл болуп калат болуш керек. Бирок өзүмө келсек улутчулмун. Өзүм кыргыз жигитине, мүмкүн болсо туулган айылыма эле келин болом".
- "Кызык го, бул жакта кыргыз кыздарына суусап жүрсөк, виртуалдык жашоодо болсо да сүйлөшкөнүбүзгө сүйүнүп".
- "Бөтөн улутка үйлөнгөндө жакшысы дагы чыгат. Мисалы, жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бирок жаманы дагы чыгат, эми ойлонуп чечим чыгар. Сага сунушум бир кыргыз кызынын бактысын ачып, бактылуу кыл! Кыргыз канын таза карма".
- "Кыргыз кыздарын башка улут менен жүрөсүң деп ур-токмокко аласыңар го. Эркектерге жол болсун. Өзүңөрдү тыя албайт экенсиңер. Кыргыз кыздарынан айланып эле кеткилечи. Кыргыз өлкөсүндө аялзаты басымдуулук кылат, эркектер минтип башка улутка үйлөнсөңөр кыздар күйөөсүз өтсүнбү?!"
- "Автор, көрдүңүзбү кыргыз айымдары билинбегени менен, мурдун чүйрүп, көпчүлүгү кандай кызганарын жазып жатышат. Андыктан кыргыз кыз караштыра бериңиз. Анан ушунчалык эле сүйүп-күйүп калган болсоңуз анда сүйгөнүңүзгө жетиңиз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.