Экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн үчүнчүсү да кармалганын 12-сентябрда ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, ал Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иштин алкагында Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалган.
"Август айында жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган Заур Насруллаев аттуу шектүүнүн жашаган жери такталып, кармалган. Ал берген көрсөтмөсүндө өзүнө карата тагылган айыптарды моюнуна алды. Насруллаев Орусия жараны болуп эсептелет", - деп билдиришти ИИМден.
Ошондой эле ИИМдин маалыматы январь айында да шектүү катары 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов аттуу жаранга издөө жарыяланып, ал Орусия аймагынан кармалганын кабарлады.
Учурда шектүүлөрдү Кыргыз жерине өткөрүп алуу аракеттери көрүлүп жатат.
42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.Осмонкулов аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.