Декларациясында күмөндүү жагдайлар бар болгон кызмат адамдарынын аты-жөнү жыл аягына чейин жарыяланат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Ал учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 48 миң декларациясы текшерилип жатканын айтты.
“Текшерилип жаткан декларациялардын 83ү жогорку жана административдик кызматтарды ээлеген адамдарга тиешелүү. Декларацияны кабыл алуу салык кызматына быйыл гана өткөрүлүп берилгендиктен мамлекеттик кызматкерлердин мүлктөрүн текшерүү жана аныктоодо кыйынчылыктар болууда. Үй-мүлкү декларацияга дал келбеген 50дөн ашык кызмат адамы бар. Текшерүү аяктай электигине байланыштуу алардын ким экендиги азырынча айтылбайт. Ушул жылдын 1-октябрынан кийин мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бул тууралуу маалымат беришет”, - деди Сагынбаев.