"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Биздин бала бакча балдарды атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен кабыл алат" дейт жетекчи

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Келечек" бала бакчасына 2 жыл мурда кезекке туруп, бирок дале баласы кабыл алына электигин айткан.

Бул маселе боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы "Келечек" бала бакчасынын жетекчисине кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Биздин "Келечек" бала бакчасына кабыл алуу атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде болот. Комиссиянын катарында айыл башчысы, көчө комитеттери бар. Кабыл алуу комиссиясында мен болбойм. Менин ишим болгону документтерди комиссия мүчөлөрүнө өткөрүп берүү. Ал эми 2 жылдан бери баласын биздин бакчага бере албай жаткан тургун айыл башчысына же көчө комитетине кайрылса болмок. Балким, комиссиядан өтпөй калгандыр же документтеринде бир мүчүлүштүктөр болгондур", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurshoola
2018-09-13 11:56:14
Жалганле
+4
muhsina
2018-09-13 12:48:45
Кантип эле?
+1
asman.81
2018-09-13 12:49:34
Актанбай эле акча бергендерди гана алабыз деп чындыкты айтсанар.Балалуу уйлордо азыр биринчи койгой ушул.Акча берсен эртеси куну балаң бала бакчага кабыл алынды деп эсептей бер,акча бербесен 20 жылда да кезек жетпейт.
+2
asman.81
2018-09-13 12:59:31
Куршабдагы Наристе балдар бакчасынын завед.да канча жылдан бери бала бакчаны менчигиндей пайдаланат,акча,килемдерди ата энелерге салык салгандай салат,болбосо албайт.Адамдарга мамиле кылышты билбейт,копол,суйлото койбой кыйкырат.Ушуну текшере турган окмот бар бекен?
+3
Bayazet
2018-09-13 15:20:34
А́ акчаны айыл окмотко бериш керек дебейсизби
+1
cos25
2018-09-13 17:03:57
Кабыл алгандан да Ошто канцел-к товарга топтогонуна күйүп кетесин. №49 Таң шоола балдар бакчасы айрыкча. Завед.өзүнүн менчигиндей пайдаланат. Бүтүрүүчү группадан 1500дөн, башка группадан 1000сомдон чогултат. Садикте 500бала бар эсептеп көрө бергиле. Колдонгон канц товарлары А4 форманын жарымы. 1листти бөлүп колдонушат. Топтогон акчага жараша алып берсе да ичиң жылыйт. Ээ айта берсе арман көп. Бир нерсе десең колуңан келгениңи кылып ал балаңы садиктен чыгарып кет деп аркаңан түшүп алат.
+1
momun74
2018-09-13 20:12:04
cos25,Бишкектеги номер 35садикда 1500дон жыйгайт багка садиктер 500же 1000ден жыйнашат экен 2балага женилдикда бертшпейт эгиз балдарга
+1
Muratmipa
2018-09-13 21:02:01
Кызык каяктагы комисия баланы не экзамен тапшыртыш керекпи иши кылып акча сурамай
+1
asman.81
2018-09-13 22:09:22
Бала бакча боюнча окмот ишеним телефондорун иштетип койсо,буткул республика боюнча,жакшы болот эле ата энелер учун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан