Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат жакында маалымат жыйын уюштуруп, "Сапат" билим берүү мекемелери "Маариф" фондунун карамагына өтө турганын айткан. Ошону менен катар эле ал бул мектептер Түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын билдирген.
Мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова элчи туура эмес маалымат айтканын белгиледи. Болжурованын айтымында, аталган билим берүү мекемелери ачылганда Гүлендин кыймылы салык төлөөчүлөрдөн эмес болчу.
"Сапат" мекемелери ачылардын алдында Бишкек шаарында, Нарын облусунда көпчүлүк кесиптик-техникалык окуу жайлардын имараттары колдонулбай калган. Ошол имараттар "Сапатка" колдонууга берилген. Ал убакта Гүлендин кыймылы салык төлөөчүлөрдөн эмес болчу. Ата-энелер аталган лицейлерден балдары билим алып жатканы үчүн акча төлөшкөн. Алар 2-4 миң долларга чейинки каражаттарды төлөп, балдарын окутат. Бул менчик болгондон кийин Кыргыз мамлекети, Түркия дагы акча төлөгөн эмес. Ошондой эле Түркиядан эле эмес, башка өлкөлөрдөн дагы кайрымдуулук иретинде акча келип турган. Жакшы окуган же болбосо тесттен өткөн колунда жок үй-бүлөнүн балдарына 50 пайыз жеңилдиктер берилген. Бул окуу жайды бүтүп кеткендер дагы кайрымдуулук кылышат. Айрымдары китеп алып беришсе, кээ бири таланттуу балдардын окуусун, эл аралык олимпиадаларга барууга жол акысын төлөп беришет. Элчинин мектептер Түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган деп айтканы туура эмес маалымат. Элчи билбейт же ага туура эмес маалымат беришкен", - дейт Болжурова.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов белгилегендей, "Сапат" лицейлери ачылганда Кыргыз өлкөсү мектептердин, кесиптик окуу жайлардын жана бала бакчалардын имараттарын берген.
"Сапат" билим берүү мекемелери 1992-жылы ачылган. Башкача айтканда, лицейлер үчүн берилген жер, имараттар Кыргыз мамлекетинин эсебинде турган. Экинчиден, Кыргыз-Түрк лицейлери Түркиянын мамлекеттик окуу жайы эмес, булар Голландиядагы, Германиядагы, Түркиядагы жана Кыргыз өлкөсүндөгү түрк ишкерлеринин демөөрчүлүгү менен ишке кирген менчик окуу жайлар. Ал эми үчүнчү каражат булагы - бул аталган окуу жайларда билим алган балдардын ата-энелеринен чогулган булак. Анткени "Сапатта" балдарын окуткан ата-энелер көп суммадагы акча төлөшөт. Чоң каражат мына ушундай жол менен чогулган. Элчи айткан Түркия мамлекети бул мектептердин ачылышына эч кандай каражат сарптаган эмес.
Азыр бул мекемелерди “Маариф” фондунун карамагына өткөрүп берүүнү сурап жатышат. Биздин мамлекет бул кадамга барууга тийиш эмес. Себеби Кыргыз мамлекети бирөөнүн мүлкүн бирөөгө алып берип койгон болуп калат. Мындай кадам укуктук жактан да, моралдык жактан да туура эмес болуп, биздин өлкө чоң чырдын ортосунда калышы мүмкүн. Мына ушул себептен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сунушунан баш тарткан. Азыркы түзүлгөн кырдаал Кыргыз-Түрк мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү? Менин оюмча, "Сапат" билим берүү мекемесинен террористтер чыгат" деп Түркиянын президентине туура эмес маалыматтарды жеткирип жатышат. Эгерде Эрдоган туура маалымат алган болсо көйгөй жаралбашы керек эле. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсү эки жолдун учунда турат. Бири Түркия менен мамиленин солгундашына алып келиши мүмкүн. Экинчиси, укуктук жактан "Сапатты" "Маарифтин" көзөмөлүнө өткөрүп берүү туура эмес экендиги көрүнүп турат. Туура жол - "Сапатты" ошол эле бойдон калтырыш керек деп ойлойм", - деди Муратов.
2016-жылы Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги түрк лицейлерин жабуу талабы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Кыргыз Тышкы иштер министрлиги Кыргыз мамлекети ички маселелерди чечүүгө өз кудурети жете турганын билдирген. Кийинчерээк "Себаттын" аталышы "Сапат" болуп өзгөргөн. Түркия Кыргыз тарапка "Сапат" билим берүү мекемелеринен баш тартып, "Маариф" фондунун мекемелерин ачууну сунуштап келген. 1-сентябрда "Маариф" фондунун Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташуу боюнча келишими түзүлгөн.