Москванын Марьино районунда жолдон өтүп бараткан топ кишилерди унаасы менен сүзүп кеткен Бекжан С.нын атасы жабыркагандардан жана алардын жакындарынан кечирим сурайт. Ошондой эле кырсыктан каза болгон жигиттин ата-энесинин алдынан өтүп, маркумдун тажиясына катышып келгенин SUPER.KG порталына билдирди.
"9-сентябрь күнү таңга маал болгон окуяда каза болгон жигиттин ата-энесинин алдынан өтүп, кечирим сурадык. Маркум Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынан болот экен. Бүгүн, 12-сентябрда анын сөөгү жерге берилип, туугандарым менен барып топурак салып келдим. Маркумдун ата-энеси, туугандары түшүнүү менен кабыл алышты", - дейт Жүжүбаев.
Ал эми 9-сентябрдын таңында болгон окуяда бейкүнөө адамдар дагы кырсыкка кабылган. Бекжан С.нын атасы жабырлануучулардын арасында бейкүнөө адамдар дагы бар экенин айтып, кечирим сурады.
"Кырсыкка кабылгандар Москвадагы ооруканаларда дарыланууда. Алардын арасында окуяга такыр тиешеси жоктор дагы бар. 1-2 жигиттин абалы оор экен. Окуяга тиешеси жок жабырлануучулардан жана алардын жакындарынан өзүмдүн, уулумдун атынан кечирим сурайм. Кырсык айттырбай келет", - дейт ал.
Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу кылмышка шектүүнүн карындашы, андан кийин өзү дагы окуя тууралуу көрсөтмө берген. Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына уулун окуяга чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кырсыктан 11 адам жабыркап, дагы 1 адам каза болгонун маалымдаган. Жабырлануучулардын бири 9-сентябрдагы окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айткан.