Ош шаарындагы Южный кичи районунда түн ичинде топтошкон балдар 5-6 кызды сабап салганын окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Аталган маселе боюнча Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковго кайрылганыбызда ал буларды айтып берди.
"Окуя 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Ош шаарындагы Туран кичи районунда болгондугу аныкталган. Жаңжалга катышкан 5 кыздын жана балдардын ким экендиги такталган. Жигиттер тарабынан сабалган кыздардын бири учурда ооруканада дарыланып жатат. Бирок жабырлануучу жигиттердин үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Окуя болгон күнү жигиттер дагы, кыздар дагы мас абалында болгон. Кыздар балдарга өздөрү барып тийишкен. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада жаңжалга айланган. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча 5 адам кармалып, сурак берип жатат. Окуяга катыштыгы бар делинген шектүүлөрдү издөө иштери улантылып, териштирүү иштери жүрүүдө", - дейт Сыдыков.