Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн белгисиз жактарын ача турган китеп жарык көрдү

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн белгисиз жактарын ача турган китеп жарык көрдү. "Человек жив, пока о нем говорят люди" китебин жазуучунун карындашы Роза Айтматова Асан Ахматов менен биргеликте жазган. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, китеп Өкмөттүн колдоосу менен кыргыздын улуу жазуучусунун 90 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында басылып чыкты.

Китепти авторуна берүү салтанатына катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жазуучунун мааракесин белгилөө боюнча иш-чаралар республикада жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп жатканын айтты. Ошондой эле октябрда Бишкекте эл арасында Айтматовдун форуму катары таанылган Ысык-Көл форумунун ачылышы өтөрүн кошумчалады.

Өз кезинде Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун инсандык сапаттарын жана чыгармачылыгын сыйлагандарга ыраазычылык билдирди.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Чыңгыз Төрөкуловичке арналган, мындан тышкары анын "Жаныбарым, Гүлсары" чыгармасынын каарманына эстелик орнотулду. Бул үчүн биз чексиз сыймыктанабыз. Чыңгыз Айтматовго арналган китеп анын өмүрүнүн белгисиз жактарын ачат. Окурмандарга кызыктуу болот деп ишенебиз", - деди Роза Айтматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Yago.limon
2018-09-13 12:50:35
"Асмандан издеген жерден табылат"-дегенге дагы бир ишендим...кутком ушул сынары китепти...Залкар жазуучубуздун биз билбеген жактарынан кабар тапкым келчу))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан