Пархат Тулендыбаев кыргыз тили боюнча: "Тил билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят"

Пархат ТулендыбаевЖазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин татыктуу белгилешибиз керек. Мындай пикирин депутат Пархат Тулендыбаев парламент жыйынында айтты.

Тулендыбаев тил маселесине да жакшы мамиле кылыш керектигин белгиледи.

"Тилди билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят. Мен да кыргыз тилин үйрөнгөнгө аракет кылып келем. 1989-жылдын 23-сентябрында улуттук тилибиз кабыл алынган. Быйыл болсо улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Муну жогорку деңгээлде белгилешибиз керек", - деди Тулендыбаев.

Буга чейин Тулендыбаев гимнди туура эмес аткаргандыгы үчүн коомчулуктун сынына кабылган. Кийин кайра гимнди туура аткарып, элден кечирим сураган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
newman
2018-09-13 10:24:19
Кара пиар деле пиарда. Гимнден кийин таанып калдым. Эми жакшы иште Пархат аке
+15
bekmirzach
2018-09-13 11:48:36
Чыңгыз Айтматовдун маракеси казан казан эт кайнаган той эмес дүйнөлүк деңгээлдеги илими й конференциялар жыйындардын коштоосу менен өтүшү керек.
+3
ady-88
2018-09-13 10:29:11
Уйгур аке Эми жакшылап уйрон кыргызчаны гимнди го урдуруп койдун. Болбосо кытайга депорт болуп кетесин.
+11
Natun
2018-09-13 11:42:18
Бул депутат тили буудай кууруган, колунан коко тыйын келбеген Жанар, Рыскелди сыяктуу депутаттардан тузүк экен
0
guli-1980
2018-09-13 12:48:39
Natun,жанар акаев исхак масалиевден тузук экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан