Кара-Суу районунун Мады фермасында 3 миңден ашык эшекти Кытайга жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров парламент жыйынында билдирди.
Эл өкүлү облус жетекчилигинен бул маселе боюнча жооп жок экенин кошумчалады. "Өлгөн эшектерди чымын басып, эпидемия оорусу коркунуч туудурууда. Бир нече ай мурун облус жетекчилигине кат жазгам. Ушул убакка чейин жооп жок. Бул боюнча өкмөттөн кызматтык териштирүү жүрсүн. Мыйзам боюнча депутаттарга расмий жооп келиши керек. Мурунку облус башчысы менен байланышсам каттарды тийиштүү бөлүмдөргө бергенбиз дейт", - деди Шайназаров.
Ошондой эле Шайназаров Ош облусунун прокурорунун орун басарынын каза болгону боюнча иликтөө жүрүп, чыныгы себеби такталышы керектигин айтты.
Учурда парламентте ар кандай маселелер каралууда.