"2018-жылга карата мамлекеттик 105 той өткөрүү каралган". Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов парламент жыйынында айтты.
Ал бюджеттин абалы жакшырганга чейин той-мааракелерге мораторий киргизүүнү сунуштады.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар - бул жакшы. Бирок быйыл мамлекеттик 105 той каралыптыр. Ар бирин 2 миллион сомдон эсептесеңиздер да көп сумма кетет. Быйыл Сузактын 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы, Каракол жана башка мааракелер каралыптыр. Аталган той-мааракелерге 5 жылга мораторий киргизбейлиби? Бюджет жакшы боло баштаганда кайра өткөрө берет элек", - деди Жамангулов.
Учурда парламентте ар кандай маселелер каралууда.