Буга чейин интернет колдонуучусу Мурза Суранов өзүнүн баракчасына жол боюнда унаанын ичинде уктап жаткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлорунун видеосун жарыялаган.
Анын жазганына ылайык, видео 29-августта Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн кесилишинде саат 17:25те тартылган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Форд үлгүсүндөгү В 4985 AL номерлүү унаанын ичинде милициянын прапорщиги Б.К. жана милициянын старшинасы Т.М. жумуш учурунда уктап калышкан.
"Аталган кызматкерлер 29-август күнү Чыңгыз Айтматов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө кызмат өтөөгө барышкан. Буга чейин алар суткасына 16-18 саат кызмат өтөгөнүнө байланыштуу прапорщик Б.К. өзүн жаман сезип, чарчап уктап калган. Ал эми кызмат өтөп жаткан старшина Т.М. дагы уктап калган", - деп билдирди маалымат кызматы.
Жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөдөн кийин жумуш убактысындагы тартипти бузгандыгы үчүн жогоруда аты аталган кызматкерлерге сөгүш жарыяланган.