"Сиз эмнеге бизден мектеп окуучусундай сурай бересиз?" деп кайрылды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов.
Сулайманов Жумабековдун "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы каралып жатканда суроо берүү үчүн таблону ачпаганын сынга алды.
"Сиз эмнеге бизден мектеп окуучусундай сурай бересиз? Сиз суроого жазылуу үчүн таблону ачып коюңуз. Суроо берүү үчүн биз таблого жазылалы. Мен 5-6-жолу силерге ушуну эскертип келе жатам. Мына азыр төрага менен орун басарына расмий биринчи эскертүү кетти. Дагы эки эскертүүдөн кийин силердин маселеңерди коёбуз", - деди Сулайманов.
Бул сындан кийин төрага суроолорго жазылуу үчүн таблону ачты.