"Соңку кабардын" "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Кара-Суу районундагы кулагы укпаган балдар үчүн жатак мектебинин мугалимдери сабак талашып ичи ара жаңжалдашууда" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Маалыматта аталган мектептин жогорку класстарын окуткан мугалимдер кенже класстын окуучуларын окуткан мугалимдер менен маянабыз бирдей болушу керек деп айрым предметтерин талашып, алып койгондугу айтылган.
Бүгүн, 13-сентябрда аталган жатак мектептин директору Шакирбек Бекажиев SUPER.KG порталына кайрылып, жогорудагы маселе боюнча буларды айтып берди.
"Кара-Суудагы атайын дүлөй балдар үчүн жатак мектебинде 1984-жылдан тартып эмгектене баштагам. Алгач башталгыч класстын окуучуларына тарбиячы, кийинчерээк тарбия иштери боюнча уюштуруучу болуп иштеп, ушул деңгээлге жеттим. Жатак мектеп 200 окуучуга ылайыкташкан, учурда 177 окуучу окуйт. Менин эмгек жолумда мугалимдердин өз ара предмет талашуусу катталган эмес. Бирок быйылкы окуу жылы башталганда жогорку класстарын окуткан мугалимдер кенже класстын окуучуларын окуткан мугалимдерден предмет талашып жатат деген маалымат тарады. Мындай маалымат жарыялангандан кийин педагогикалык кеңеш уюштурдум, анын эртеси мугалимдердин кезексиз жыйынын өткөрдүм. Бизде иштеген мугалимдер 1 ставка менен эмес, 1 жарым ставка менен иштейт. Тактап айтканда, ар бир мугалим 23 сааттан жогору саат алат. Ал эми пенсия курагындагы мугалимдер 13 сааттан эмгектенет. Бардыгы эмгек келишимдин негизинде иштейт. Предмет талашуу болгон эмес. Башталгыч класстын мугалимдери кыргыз тилчи болгондуктан, окуучуларга орус тилинен орус тили жана адабияты адистигин бүткөн мугалимдер сабак берет. Бул тууралуу мугалимдер менен макулдашуу болгон. Балким, ушундан улам жогорудагыдай туура эмес маалымат тарады", - дейт директор.
Ошондой эле ал мындай кабарды тараткан мугалим өздөрүндө иштесе, аны эч кандай кодулоого албай турганын, тескерисинче, колдоо көрсөтө турганын кошумчалды. Мунун себебин ал жамаат арасында болгон айрым нерсе жетекчиге жетпей калышы мүмкүн экендиги менен түшүндүрдү.
"Мен уккан ар бир көйгөйгө дароо реакция жасап, чечкенге аракет кылам. Бул жолу да эмнеден улам мындай сөз чыкканын анализдеп, жыйналыш өткөрдүк. Мектеп жамаатынын ынтымагы жакшы, көйгөй жок", - деди ал.
Ал эми аталган жатак мектептеги 8-класстын класс жетекчиси Сайрагүл Самибаева мектептеги ар бир мугалим алган саатына жана айлыгына ыраазы экенин кошумчалады.
"Мектепте предмет талашуу боюнча чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени ар бир мугалимге орто эсеп менен 18-25 саат бөлүнүп берилет. Мындай маалымат коомго жайылары менен мугалимдердин кезексиз жыйыны болуп, анда башталгыч класстын мугалимдери "20 сааттан ашык алдык, ыраазыбыз" дешти", - деди Самибаева.