"Кен байлыкты иштетүү боюнча, өкмөт, текшерүү жүргүзүп, мамлекетке канчалык пайда алып келгенин көрсөткүлө". Мындай талапты депутат Исхак Масалиев парламентте Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууланып жатканда айтты.
Ал Кыргыз өкмөтү кен байлыктар боюнча элге ачык маалыматтарды бериши керек деген пикирде.
"Бул боюнча ар дайым чыр болуп жатат. Элге кайсы кен байлык канчалык пайда алып келип жатканын айткыла. Кайсы ишкананы иштетүүгө кайсы мыйзам тоскоол болуп жатат, ошону түшүндүрүп берсин. Сыртта миллиондогон жарандарыбыз карап турат. Бул өкмөттүн милдети. Канча байлыкты "Кумтөр" алып келип жатат? Кайсы аткаминерге таандык экендигин ачыктагыла. Жалпы эле өкмөттүн ишмердүүлүгү жеткиликтүү болбой жатат. Биз силерге ишене албай, чочуп жатабыз", - деди Масалиев.