Унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө

Унаага болгон салыкты төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо үчүн рейдге чыгышты.
Салык төлөгөн айдоочулар берилген чапталма кагазды унаанын алдыңкы терезесинин бурчуна чаптап коюусу зарыл. Ошондой эле ар бир айдоочу маселе жаралбашы үчүн унаага тиешелүү документтерден сырткары салык төлөөдөн алган квитанцияны дагы ала жүрүүсү керек.
Өз убагында салык төлөбөгөн айдоочулар негизги суммадан башка 2 миң сом айып жана кечиктирилген ар бир күнү үчүн чыккан туумду дагы төлөөсү шарт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
urmat94
2018-09-13 14:10:50
Мен электронный кошелёктон эле толоп койдум боло береби
0
ilgizk
2018-09-13 14:29:51
urmat94,ГАИ ге айтып көрчү эмне дейт экен
+1
maks94.kb
2018-09-13 17:01:38
urmat94,болот болгону телефон очбосун корсотконго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан