Депутат: "Ветеринардык-фитосанитардык инспекцияны 2 мекемеге бөлүү менен ЕАЭСтин талабына жооп бербей калабыз"

“Ветеринардык-фитосанитардык инспекциядан фитосанитарияны бөлүп, Айыл чарба министрлигине кошуу боюнча өкмөттө токтом даярдалып жатыптыр. Бул туура эмес маселе", - деди 13-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттик жыйында.

"Себеби Ветеринардык-фитосанитардык инспекциясы - эл аралык нормага, ЕАЭСтин талабына туура келген инспекция. Азыр аны жоюп жатканыбыз туура эмес. Эртең ЕАЭС келип талапка туура келбей калыптыр десе бириктире албай жүрбөйлү. Андан тышкары, биз көзөмөл функциясын да жоготуп жатабыз. Бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берилип, тиешелүү комитет тез аранын ичинде карап чыгышы керек", - деди Жамалдинов.

Ошондой эле ал өкмөт бул боюнча чыгарган токтомун тез арада токтотуп калышы зарыл экенин кошумчалап, өкмөт башчынын өзү буга киришүүсү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан