Депутаттар "Чыңгыз Айтматов" орденин түзүүнү сунушташты

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен аталган орденди негиздөө сунушталды. Аталган сунушу менен депутат Аида Касымалиева тааныштырды.

Ал бул сыйлыкты эл аралык деңгээлге чыгаруу ниети каралганын кошумчалады.

"Чет өлкөлүк жарандарды сыйлоо үчүн “Чыңгыз Айтматов” ордени менен сыйлоо демилгеленди. Эл аралык кино, искусство, адабият тармагында эмгектенген жарандарга берилиши керек. Алардын тынчтыкка, адамгерчиликке жана башка жакшы сапаттарга салым кошконуна маани берилет. Албетте, Кыргыз жарандары да аталган орденге жетише алат", - деди Касымалиева.

Маалыматка караганда, учурда өлкөдө 8 орден бар. Сунушталып жаткан "Чыңгыз Айтматов" ордени III даражадагы "Манас" орденинен кийин тагылат.

Аталган демилге добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beka666
2018-09-13 16:13:49
Сыйлаганды койуп, бир аз пайдалуу иш кылгылачы биринчи, калп эле бири бирини сыйлап отура бербей
+2
Jango
2018-09-13 16:34:57
Карап турсан бироосу да мигранттарды кайтарыш керек жумуш ордун тузуш керек деп айтышбайт шайллооого келгенде эле завод курабыз тигиндей кылабыз дешип орденге садага болбогулачы жеп жутарлар пайдалуу иш кылгылачы хотябы осурунордо бир жолу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан