СУПЕРСТАН: "Сизде жашоо кереметпи?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сизде жашоо кереметпи?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Жашоо бизге берилген жакшы мүмкүнчүлүк, биз ал мүмкүнчүлүктү жакшы колдонушубуз керек. "Жашоо деген чиркин кандай керемет" деген саптары бар ыр эсиме келе түштү. "Жашоо керемет!" дегендер жазгыла" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Ооба, албетте, керемет, бирок байкай билиш керек. Болбосо тикенекке сайылып жүрө бересиң. Жашоо сонун карачы, мага жагат, сагачы? Ушул саптар эске келди".

- "Мага болсо "кереметтүү дүйнөнүн кемчилигин айтпагын" деген, бир ырдын ушул саптары жакты. Жашоонун кемчилигин айтууга эч кандай акыбыз жок. Андан ырахат алып жашашыбыз керек. Жашоо бизге эч нерсе убада кылган эмес".

- "Жашоонун балын татсаң таттуу, даамын татсаң ачуу. Жашоо үчүн эч качан кайгырбашыбыз керек. Аны таттуу кылган да, ачуу кылган да өзүбүз".

- "Жашап жатканым үчүн эмес, ата-энемдин жанында жашаганым үчүн жашоо керемет сезилет".

- "Кээде керемет болуп кетет. Көбүнчө кайгырганда "жашоо керемет" деген сөздү көп колдоном. Балким, өзүмдү алаксытып оюмду оңдош үчүн..."

- "Албетте, керемет, тирүүлүктүн өзү чоң керемет. Мусулманбыз акыретибиз бар керемет. Кыргыз болгондугубуз керемет. Эң негизгиси адамбыз, жүрөгүбүз бар сагынганды, жек көргөндү билебиз. Бул дагы өзүнчө бир керемет".

- "Жашоомбу? Негизи кандай адамдардын жашоосу керемет болот? Адам болуп жаралганың, жалган дүйнөнүн жалган-чындыгын көрүп жатканыбыздын өзү керемет да..."

- "Кудайга шүгүр, ар бир таңдын атканын көрүү, 12 мүчөңдүн түгөлдүгү, туугандарыңдын амандыгын көрүүнүн өзү керемет".

- "Албетте, керемет. Жашоомо наалыбайм, баары оюмдагыдай. Жакындарым аман, сүйүктүү адамым менен дайым биргемин, жакында балалуу болобуз. Демек, чексиз бактылуумун, шүгүр".

- "Жашоону керемет кылыш ар бир адамдын өзүнөн болуш керек... Ар бир сөзгө, ар бир кыймылга маани кылбай койсоң эле "жашоо керемет!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2018-09-14 12:31:39
АЛбетте керемет))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан