Бишкекте эл аралык диний-илимий конференция өтүүдө

Бишкек шаарында "Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары" аталышындагы III эл аралык диний-илимий конференция өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эл аралык конференцияга Кыргыз, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Эстония, Литва мамлекеттеринин муфтийлери, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, дин аалымдары жана серепчилер катышууда.

Үчүнчү эл аралык диний-илимий конференциянын ачылышында муфтий Максатбек Токтомушев конференцияга катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, бул иш-чаранын Кыргыз жеринде өтүп жаткандыгы чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар терс диний агымдардын алдын алуу, басылмаларга анализ жүргүзүү жана дин башкармалыктарынын коомдогу орду боюнча докладдарды окуп, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kosmos2013
2018-09-13 18:03:34
Биздин муфтий красавчик
+1
i1urp
2018-09-13 21:53:03
Максатбек Токтомушев айтарым башындагы чамланды ыргытчы.
+1
Toxa_bratan
2018-09-14 01:04:19
i1urp,Ооруп калыпсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан