Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында тургундар ортосунда пикир келишпестик чыкты

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймакта жашаган тургундардын арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчылыгы билдирди.

"12-сентябрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажик жарандарынын ортосунда тирешүү пайда болгон. Тажик жарандарынын такталбаган аймак аркылуу таза суу алып өтүү аракетине Баткен районунун тургундары нааразы болушкан. Тирешүүдөн эч ким жабыр тарткан эмес. Азыркы учурда аймактагы тартип көзөмөлгө алынып, кыргыз-тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurgaz
2018-09-13 18:25:23
Суу алып отсо эле жерди оздорунуку кылып алат, сууну откорбогуло.
+6
Jelezo
2018-09-13 18:42:04
Чек араны жаап эле салган оң.Тажикстан менен кыйратып деле соода сатык жок болсо керек күйүүчү май болсо контробандалык жол менен чек арасыз эле сата беришет.
+2
tular
2018-09-13 20:57:29
Бийликке караганда эл Азаматтык кылып жатышат. Каршы турушуп.
+1
Erik2018
2018-09-13 21:42:50
Тажикстан менен такталбаган тилкелер көп, чыр чатак бүгүн эле болуп жаткан жок. Көптөн бери эле болуп келе жатат. Бул жерде тажиктер өздөрү күнөлүү.
0
tnz
2018-09-13 21:50:48
Чек арадагылар менен ар дайым мындай пикир келишпестиктер болуп турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан