Жыргалаң капчыгайында адашып калган турист 1 күндөн кийин табылды

Жыргалаң капчыгайында адашып калган турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта жазылгандай, 12-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң капчыгайында израилдик 1990-жылы туулган турист адашып калган.
"Издөө иш-чараларына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8 куткаруучусу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында турист бүгүн, 13-сентябрда саат 9:05те табылган. Ал эми саат 14:44тө аны Жыргалаң айылына алып келишкен", - деп билдирди маалымат кызматы.
Турист эч кандай жаракат алган эмес жана анын абалы жакшы экенин министрликтен кошумчалашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2018-09-13 21:26:54
Кар жааганбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан