Жарандык активист Аманбол Бабакулов: “Акыйкатчы институту кайсы партиянын устуканы болсо алар сунуш кылган адам өтүп кетет”

Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна жарандык активист Аманбол Бабакулов жооп берди.

Бабакулов акыйкатчылыкка Канатбек Азиз татыктуу экенин айтты. Бирок татыктуулар өтпөй, татыксыз адамдар көп добуш алышы мүмкүн экенин жашырган жок.

"Мен Канатбек Азизди колдойм. Анткени ал жаш, өзүн татыктуу жактоочу катары алып жүрөт. Айрым аксакалдардын аталган кызматка талапкер болуп чыгып жатканы уят эле. Акыйкатчылык кызматы көпчүлүк учурда саясатташып кетет да, карапайым калктын укугу эске алынбай калат. Буга чейин Кубатбек Оторбаевди акыйкатчылыкка шайлап жатканда Мавлян Аскарбековду, Рита Карасартованы сунуш кылдык эле. Бирок коомчулуктун пикирин эске албастан журналистти акыйкатчы кылып коюшкан. Ошондо мен “акыйкатчы боло турган адамдын юридикалык билими болушу керек” деп айтып чыккам. Канатбек Азиз - бул кызматка татыктуу.

Ал буга чейин Өмүрбек Текебаевдин укугун коргоп келди, мындан сырткары БШКда иштеп турганда дайыма шайлоо системи боюнча калыс пикирде турган. БШКнын мүчөлөрү дайыма өздөрүнүн чечимдерин жана пикирлерин бийликтин нугуна ылайыктап айтып келишет. Канатбек Азиз болсо өзүнүн пикирин билдирип, калыс оюн айта алчу. Мындан сырткары Рита Карасартова да акыйкатчылыкка татыктуу. Бирок эң өкүнүчтүүсү биздеги фракциялар ар бир кызматты устукандап бөлүп алышкан. Акыйкатчы институту кайсы фракциянын устуканы болсо, алар сунуш кылган адам өтүп кетет. Мисалы, Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо көрбөдүкпү?! Жогору жактан кандай буйрук келсе, шаардык кеңештин депутаттары аны аткарышты. Бул жаман көрүнүштөн арылуу үчүн партиялык шайлоодон баш тартуу керек”, - деди Бабакулов.

Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан