Бүгүн, 13-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн кесилишине жакын аймакта жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Өрт 10-кабаттагы таштандыдан чыккан. Бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 17:55те толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, саат 16:37де көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тараган.