"Сиңдим экөөбүз апамды таап, ал менен баарлашкыбыз келет" дейт апасын издеген жаран

"Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулуп өскөн апам Гүланда Таабалдиеваны көп жылдан бери издеп келем", - деп SUPER.KG порталына Бишкек шаарында жашап жаткан Сайкал Акылбек кызы билдирди.

Анын айтымында, апасы Гүланда Таабалдиева 1974-жылы төрөлүп, 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылына турмушка чыккан.

"1999-жылы атам менен апам ажырашып кетип, биз атамдын колунда калганбыз. Ошол бойдон апамдын төркүндөрүн билбей чоңойдук. Кийин атам каза болуп калды. Сиңдим экөөбүз тең турмушка чыгып, өз алдыбызча жашап жатабыз. Бирок экөөбүздүн тең көөдөнүбүздө бир каалоо жашап келет. Ал апамды көрүү, ал менен баарлашуу. Мындан улам сиңдим экөөбүз тайларыбызды таап, таене-таятам менен жолуктук. Бирок алар да кызынын дайынын билишпейт экен.

Акыркы жолу ата-энесине 2009-жылы өзбек улутундагы адамды ээрчитип келип, күйөөм деп тааныштырган экен. Таятамдар "Сендей кызыбыз жок, Сайкал, Мыскал, Акылбекти (менин атам) алып кел" деп кабыл албай коюшкан экен. Ошол бойдон кайтып келбептир.

Биз турмушту көрдүк, жашоодо түрдүү кырдаал болорун билдик. Апабызга карата эч кандай жаман оюбуз жок, болгону биз ал менен байланышта болгубуз келет. Апамды көргөн же билгендер арабызда бар экенине ишенем", - деди Акылбек кызы.

Ошондой эле ал жакында таятасы каза болуп калганын, ошондо таякесинен апасы тууралуу сураганда 3-4 ай мурун Бишкектен көргөндөр болгонун айтканын кошумчалады. Акылбек кызы апасынын сүрөттөрүн интернеттеги баракчаларына жарыялап издегенин, бирок жыйынтык чыкпаганын да белгиледи.

Сайкал Акылбек кызы Гүланда Таабалдиеваны көргөн же билгендер болсо 0708 886 997 номерине кабарлап коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2018-09-14 14:52:52
Бишкекте болсо табылып калаар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан