Бүгүн "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейиндеги коррупцияны, "Белизгейт" чырын жана "Бакиевдер өлкөдөн каражат чыгарып кетишкен" деген маселелерди карайт

Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы бир нече чуулуу маселелерди талкуулашат. Жыйынга Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.

Маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Тарых музейин реконструкциялоодогу уурулук фактылар боюнча жасалган иштер тууралуу отчётторду кароо;

2. Белиз мамлекетинен алынган "Мегаком" компаниясы боюнча жасалма трасттык документтерге байланышкан кырдаал тууралуу 2018-жылдын 27-апрелиндеги "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын чечиминин аткарылышы тууралуу;

3. ЦАРИИнин (Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин) жетекчиси Максим Бакиевдин мурунку каржылык консультанты Евгений Гуревичтин Кыргыз Республикасынан бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен финансылык активдер жөнүндөгү билдирүүсү тууралуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
States
2018-09-14 09:31:17
Ушулар тойгузду жок болбогон нерсени карашып . Тапсанар Ошондо табат эленер да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан