Жогорку Кеңештин "Республика Ата-Журт" фракциясы бүгүн саат 10:00дө өлкөдөгү билим берүү абалын жана аны өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгы тууралуу маалымат алынат.
Маалыматка караганда, аталган жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов чакырылган.
Ошондой эле фракция ар кандай маселелерди да талкууламакчы.