Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда курулуучу объекттин ордун жана жолдорду түздөө, суу, электр энергиясын тартуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери 3 этапка бөлүнүп жүргүзүлөт. Учурда 50 жумушчу, 10дон ашуун техника иш алып барууда.
“Кыргыз Текстиль ЛТД” ишканасынын өкүлдөрү маалымдагандай, курулуштун 1-этабынын негизинде 2019-жылдын аягына чейин бир кеңсе бүткөрүлүп, 1000 адамга жумуш берилет.
“Кыргыз Текстиль ЛТД” ишканасы тарабынан Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүнүп берилген. Ишкана келечекте 7 миң жумуш орунду түзүүнү пландоодо.