"Электр станциялары" ААКсы ЖЭБдин кыймылдаткычтар жайгашкан бөлүгүнүн терезелерин алмаштырууга жана казандар жайгашкан цехтин башкы корпусун оңдоп-түзөө иштерине жалпы 77 миллион 200 миң сом бөлүнгөнүн билдирген. Бирок бул сумма жетпей калып кайрадан 2 миллион 700 миң сомго тендер жарыялангандыгы тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлайт.
2018-жылдын январь айында ЖЭБде болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин мурунку директор Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБдеги абалды 2-3 саат ичинде эле калыбына келтирүү мүмкүн болгондугун, бирок жабдыктар жайгашкан бөлүктө терезелердин жана чатырдын жок экени маселени курчуткандыгын билдирген.
Алгач "Электр станциялары" ишканасы казандар жайгашкан цехтин башкы корпусунун жана жабдыктар орун алган бөлүктө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 77 миллион 200 миң сомго тендер жарыялаган. Белгилүү болгондой, ишкананын аталган бөлүктөрүндө көп жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес.
"Одамас" ишканасы жабдыктар орун алган бөлүктүн жана аэрациялык жарыктарды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 миллион 400 миң сомго келишим түзгөн. Бирок акча жетпей калганына байланыштуу "Электр станциялары" ишканасы жумуш аткарып жаткан мекемеге жабдыктар орун алган залга терезелерди орнотуу үчүн дагы 2 миллион 700 миң сом өлчөмүндөгү акчаны төлөп берүүсү зарыл.