Бүгүн, 14-сентябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билим берүү маселеси талкууланууда.
Жыйында депутат Марлен Маматалиев жоолук салынган окуучулар мектепке киргизилеби деп суроо салды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучунун кийими анын билим алуусуна тоскоолдук жаратпашы керек экенин айтты.
"Мыйзам боюнча, ар бир бала билим алышы керек. Окуучунун билим алууга анын кийими бөгөт болбошу зарыл. Көбүнчө мындай маселелерди окуу жараянына тоскоолдук жаратпасын деп, ата-энелер менен сүйлөшүп, чечип жатабыз", - деди ал.