ЖЫЛНААМА, 14-СЕНТЯБРЬ: Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 53 жашка толду

Бүгүн, Орусиянын 3-президенти, учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 53 жашка чыкты. Ал 1965-жылы 14-сентябрда Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон.

Дмитрий Медведевдин бала чагы

Дмитрий Медведев 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы ошол эле университеттин аспирантурасын окуп аяктаган.

Кубанын мурдагы өкмөт башчысы Фидель Кастро менен

Карьерасы

Эмгек жолу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде атуулдук укук боюнча кафедрасында мугалим болуудан башталган. Ошондой эле Орусиянын президентинин администрация башчысынын орун басары, ошол эле администрацияда биринчи орун басар, кийин "Газпром" ААКсынын жетекчилигинде иштеп, 2003-жылы Орусиянын президентинин администрация жетекчилигине дайындалган.

2005-жылы ноябрда Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, ошондой эле Орусиянын президентине караштуу Артыкчылыктуу улуттук долбоорду жана демография саясатын ишке ашыруу боюнча кеңештин президиумунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы болуп 2005-2008-жылдарда эмгектенген.

Өлкө башчысы катары

Дмитрий Медведев ант берүү аземинде

Ал 2008-жылы 2-мартта өлкөнүн президенти болуп шайланган. Президенттик мөөнөтү 2012-жылдын 7-майында аяктап, 2012-жылдын 8-майынан тартып Орусиянын өкмөт башчысы болуп ишин уланткан.

2007-жылы Медведевдин жетекчилиги менен Орусияда 59 миң мектепти интернетке кошуу долбоору аяктаган. 2008-жылдын күз айында дүйнөнү финансы кризиси каптаган учурда Медведев экономиканы модернизациялоо, Москвада эл аралык финансы борборун ачуу, жеке ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялоо шартын жеңилдетүү, ипотекалык кредитке байланыштуу камсыздандыруунун учурга ылайык үлгүсүн өнүктүрүү, менчик укугун коргоо боюнча майнаптуу соттук коргоо чараларын ишке ашыруу, аскердик, социалдык жана башка реформалар демилгеси менен чыгып, өлкөнү дүйнөлүк финансылык кризистин апаатынан сактап калган.
Дмитрий Медведев КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков менен

Сыйлыктары

Анын саясий ишмердүүлүгү бааланып 2008-жылы "Фемида" эл аралык сыйлыгынын лауреаты болгон.Дмитрий Медведев Орусиянын мамлекеттик жана саясий ишмери катары бир катар илимий даражалардын ээси. Ал юридика илимдеринин кандидаты, Орусия Федерациясынын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана Санкт-Петербург мамлекеттик, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия, Баку, Корея университеттеринин ардактуу доктору.

2016-жылдан тартып Медведевдин саясий ишмердүүлүгүн коррупциялык чуулгандуу иштерге байлаган оппозиция өкүлдөрүнүн видеороликтеринен кийин ага каршы Орусиянын аймактарында нааразычылык акциялары өткөн.

Бул акциялар 2017-жылы белгиленген Орусиянын Эгемендүүлүк күнүнө чейин уланган. Буга экс-президенттин 2016-жылы июль, август айларында Твиттердеги баракчасына чабуул жасалган соң жашыруун маалыматтар коомчулукка тараганы себеп болгон деп айтылат. Бирок учурдагы орус өкмөт башчысы бул айыптоолор боюнча бир да жооп кайтарган эмес.

Жеке жашоосу

Дмитрий Медведев жубайы Светлана менен

Дмитрий Медведев 1993-жылы кичинесинен бир мектепте окуган Светлана Линникке үйлөнгөн. Жубайы Ленинград финансы-экономикалык институтун бүтүргөн. Учурда Москвада жана Санкт-Петербург шаарында коомдук иш-чараларды уюштуруу менен алектенет.

Уулу Илья

Түгөйлөр 1995-жылы Илья аттуу уулдуу болушкан. Илья Медведев 2007-2008-жылдары кастингден өтүп өз аты менен "Ералаш" киножурналына тартылган.

Илья Медведев

2012-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна тапшырган.

Үй жаныбарларынан боз түстөгү Дорофей аттуу мышыгы, төрт ити (англиялык сеттер породасынан Дэниэл жана Жоли, алтын түстүү ретривер Альду жана алабай породасындагы ити) бар.

Хоббиси

* Балалыгы Санкт-Петербургда өткөн Дмитрий Медведев рок-музыканы хобби катары көрүп, "Deep Purple", "Black Sabbath" жана "Led Zeppelin" өңдүү рок группалардын альбомдорун чогулткан.

* Кичине кезинен сууда сүзүү, мылтык атуу жана йога менен машыккан.

Ок атуу менен машыгуу учурунда

* Дмитрий Медведев "Аpple" компаниясынын продуктуларын көп колдонуучу катары да таанымал.

Ал iPhone`ду бул смартфондор сериясы Орусияга келе электе колдонуп баштаганы белгилүү. 2010-жылы "Apple Inc" корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс iPhone 4 смартфонун АКШда сатыкка чыгардан бир күн мурун Медведевге белекке бергени маалым.

Стив Жобс менен

Ошол эле жылы эле iPad`дын ээси болгон.

* Футбол боюнча Санкт-Петербургдун "Зенит" клубунун туруктуу колдоочусу.

* Орусиянын мурдагы президенти кичине кезинен тарта фотограф болууну кыялданган, президент болуп турган учурда да анын тарткан сүрөттөрү "Дүйнө орусиялыктардын көзү менен" деген аталыштагы көргөзмөдө көрсөтүлгөн.

Медведев өзүнүн сүрөт тартууга болгон кызыгуусу жөнүндө:

"Албетте, адамдарды сүрөткө тарткан жагат. Бирок мага адамдарды сүрөткө алуу оңой нерсе эмес. Себеби жумушума байланыштуу камера менен чуркап барып эле бирөөлөрдү объективге ала баштасам кызыктай көрүнмөк. Адамдар мени түшүнбөй калышабы деп корком", - деген.

* Тамеки чегүүнү институтта 4-курста окуп жүргөндө таштаган.

* 2010-жылы Тимур Бекмамбетовдун "Ёлки" тасмасында президенттин ролун жаратып, үнүн да өзү коштоп берген.

Ошондой эле 2017-жылы "Коррупцияга каршы күрөшүү" деп аталган фонддун "Он вам не Димон" аттуу документалдуу фильминде мурдагы президенттин коррупциялык схеммалардын башында турары баяндалат. Бул жөнүндө Дмитрий Медведев фондду ушакчылыкка айыптап доо арызын жазган. Анын жыйынтыгында аталган фонддон тасманы интернет желесинен өчүрүү талап кылынган. Бирок фонд талапты аткаруудан баш тарткан.

2018-жылдын август айында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жолугушуулардан баш тарткан. Бул боюнча Орусиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы машыгуу учурунда жаракат алганына байланыштуу ушундай жагдай жаралганын жана Дмитрий Медведев өзүн жакшы сезип жаткандыгын билдирген.

14-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан