Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин орточо айлык акысы канча экенин айтты

Өлкөдө мугалимдердин орточо айлык акысы 12 миң 800 сом. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин айлыгы алардын эмгек тажрыйбасына байланыштуу төлөнөт.

"5 жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдер айына 9 миң 200 сом алышат. Ал эми аймактарда 11 миң сомдон 15 миң сомго чейин айлык берилет. 15 жылдык эмгек тажрыйбасы барлар 12 миң 800 сом, 15 жылдан ашык эмгектенген мугалимдер 17 миңге чейин айлык алат", - деди Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bessmertiy
2018-09-14 13:04:06
Менин атам 33 жылдык стажы менен 8мин алат. Математик. Апыртпагылачы ээ.
+3
HanTegin
2018-09-14 13:23:33
Калп. Мен сегиз мин алам. Стаж 16 жыл
+2
Dalil
2018-09-14 13:29:48
Айлык акы стажынан категориясынан жана өтүлгөн сабактарынын санынан көз каранды. Бирок бул жерде жаңы стажы жок мугалимдер жөнүндө айтпаптыр. Албетте аны айткандан уялышат. Мектеп аз окуучу көп оор шартта иштеп жаткан мугалимдердин айлыгынын аздыгы өкүндүрөт. Жогорку Кеңештин кече күнкү сессиясында 120 депутаттын 117си келди деп катталып, 50дөй гана депутат катышыптыр. Анан да уялбай 50-60 миңден жогору айлык алышат. Булар мыйзамды өздөрүнүн келечеги үчүн эле жазып алышкан.
+2
Shurik
2018-09-14 13:51:17
Мен 11жылдык стаж менен 7300 алам, жаман куйдйротда ушулар.
0
madina.87
2018-09-14 13:57:44
Балким бул бөлүнгөн айлык туурадыр,билим берүү министрлигинде отурган ар бир чоң курсак кемирип олтуруп ушул азыркы жарыбаган айлык колго тийсе керек!Биздин эсепчилер да "өтө" жакшы эсептеп берет эмеспи ар бир маянаны.Мурда бир уккан жайым бар эле,өкмөттөн бөлүнгөндө себепсиз ар кол койгон эсепчилер арбир мугалимден 50-100сомго чейин кармайбыз деген.Ошондо арзыбаган акча колго тиетда.
+1
kanybek1986
2018-09-14 14:31:38
Сапаттагы орточо айлыкты айтып алган окшойт адашып
0
Crystal
2018-09-14 15:56:14
Апыртпачы мен 29 жылдык стажым менен 9200-9300 айлык алам андай жалган сүйлөбөчү айылдык мугалиммин
0
Ankel
2018-09-14 19:01:05
Мугалимдердин эмгек акысы төмөнкүдөй эсептелет. М:айылдык мугалим 5-11- кл. кайсы бир предметтен сабак берсе, жумасына сааттык жүктөмү 20 саат болсо, эмгек стажы 15 жылдан ашык жана бир класска жетекчи болсо төмөнкүдөй болот: Өткөн 1 сааты 62,5 сом × 20 саат = 1250 сом жумасына. Бир айда болжолдо 4,3 жума болсо 5375 сом. 20 саат сабакка 2 саат сабакка даярданууга кошулат: 2×62,5×4,3=537,5 сом. Класс жетекчилигине 4 саат, бирок акчасы 50% эсептелет. Ошондо 4×31,25× 4,3=537,5;
+2
Ankel
2018-09-14 19:09:05
Айыл жеринде иштегенине ар бир саатына 50 сом × 20 = 1000 сом. Эми буларды кошолу:5375+537,5+537,5+1000=7450 сом. 15 жылдык стажына 20% кошулат. 7450×20%(1490)=8490 сом эсептелет. Соц.ф, подоход, проф,вз жалпы 21%(1877,4) удержание болуп, колуна 7962,6 сом тиет. Вице-премьер сиз кандай эсептейсиз, жөнөтүп койбойсузбу
+3
Snejana
2018-09-14 23:20:06
Ankel,азаматсыз.
0
Ankel
2018-09-14 19:26:02
Супер.kg ушул макаланын темасын жирный шрифт менен белгилеп улам алдына жылдыргыла, сураныч. Аймактардагы мугалим болуп иштегендер үн кошушсун, териштирейли, аныктык киргизели. Бул айымдын айтканына ишенсек мен 20 жылдык иш стажым менен 17 миң алып калышым керек экен, бирок иш жүзүндө жарымы араң тиет.
+2
Crystal
2018-09-14 22:39:08
Мен 29 жылдык стажым менен10000 ге айлыгым жеткен жок
0
vikidiki
2018-09-15 00:14:45
Окунучтуу.
0
Jyrgal_msk
2018-09-15 00:44:13
Озу Билим Беруу министрдин кереги жок болуп калды?Эмне иш кылды эстеп коргулочу?
0
zzari-83
2018-09-15 00:51:04
6 жылдык стажым мн 24саат алып иштеп аррраааң 7800сом алып иштедимго,мынча жанын жеген жалганчылар болбосо булар !!!
0
Totyua.71.
2018-09-15 06:20:33
Каяктагы жомокту айтып жатышат...мугалимдерди,класстарды кыскартканды эле билишти.Сурот сабактары спец жок деп окутулбай калды...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан