Учурда Кыргыз жеринде 8 миңден ашуун Кытай жараны бар. Алардын көпчүлүгү Бишкекте эмгектенишет. Бул тууралуу Миграция кызматынын тышкы миграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев 14-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында SUPER.KG'нин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кытай жарандары эки тараптуу келишимдердин негизинде өнөр жай, жол куруу тармактарында иштешет.
"Кыргыз жерине келген Кытай жарандарынын саны 100 миңге жетип кетти" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыркы күндө иштөөгө уруксат кагазын алган Кытай жарандарынын саны 8 миң 751ди түзөт. Көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда жана Чүй облусунун аймагында иштеп жатышат. Калган облустарда саны аябай эле аз. Жылына канча кытай кирип жатканы бизге белгисиз, бирок статистикалык маалыматка ылайык, Кыргыз жерине эң эле көп кирип-чыгып жаткандар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жарандары. Андан кийин эле Орусия жарандары. Кытай жарандарынын кирип-чыгуусу 6-7-позицияда турат", - деди Шамшиев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын март айындагы маалыматына караганда, акыркы 8 жылда 200 кытай Кыргыз жарандыгына ээ болгон.