"Баш мыйзамда билим алуу акысыз деп жазылганы менен, иш жүзүндө андай эмес" деп бүгүн, 14-сентябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Курманкул Зулушев айтты.
Ал өлкөдө билим берүүнүн абалы начар экенине токтолуп, бул тармакты жакшыртуу үчүн билим берүү жана илим министрин болгон аракеттерди көрүүгө чакырды.
“Мамлекеттеги өсүш, өнүгүү, келечек булардын бардыгы сиздерге байланыштуу. Билим берүү жана илим министри, сиздер, кайрылууларга орус тилинде жооп бересиздер. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн башкы үлгүсү сиздер болушуңуздар керек. Билим алуу Баш мыйзамда бекер деп жазылганы менен, иш жүзүндө андай эмес. Мисалы, шаардык мектептер окутуу үчүн акча алышат. Мындан сырткары ата-энелердин акча топтоосун талап кылышат. Бардык ата-эне "балам жакшы билим алсын" деп күнүнө 300-400 сом акча төлөөгө мажбур болушууда. Айрым мектептерде так илимдер боюнча мугалимдер пенсия курагында. Алар жумуштан кетсе, ордуна кимдер келет? Ушул маселелерге көңүл бурушуңуздар керек", - деди Зулушев.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өлкөдө Баш мыйзам боюнча да, иш жүзүндө да билим берүү акысыз экенин айтты.