Өлкө боюнча 157 бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтты.
"Учурда мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерде балдар үчүн орун жок. 85 бала бакчанын имаратын мамлекеттик жана административдик органдар колдонуп келет. Аларды өз карамагыбызга кайтарып алуу маселелери каралууда. Эгер алар кайтарылып алынса, анда бала бакчага баруу үчүн кезекте тургандардын саны 50 миңге кыскармак. Азыр бала бакча үчүн кезекте тургандардын саны аябай көп, 10 миң 574 адам электрондук кезекте турушат. Ошондуктан жаңы бала бакчаларды куруу үчүн акча бөлүнүүсү зарыл", - деди Кудайбердиева.
Ошондой эле ал акыркы жылдарда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн сапаты жакшырып бара жатканын айтты.