Тарых музейи: Башкы прокуратура кайсы мекеме бюджетке зыян келтиргенин айтты

Тарых музейин реконструкциялоодо 4 берене боюнча мыйзам бузулган. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтты.

Маалыматка караганда, 4 берене боюнча кылмыш иши козголгон.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында, көп мыйзам бузуулар аныкталды. Мамлекеттик сатып алуулар мекемесинин талаптары бузулган. Конкурс өткөрүлбөй туруп келишимдер түзүлгөн. Бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган. Жыйынтыгында, Мамлекеттик курулуш агенттигинен зыян келтирилгени аныкталды. Кылмыш-жаза кодексинин 189, 304, 306 жана 328-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Аны УКМКга жибергенбиз. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди баш прокурордун орун басары.

"Ата Мекен" фракциясы Тарых музейиндеги коррупцияны, Гуревич, Белизгейт жана Салянованын маселесин талкуулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан