Музейдин реконструкциясын моюнуна алган СМУ-3 компаниясы белгиленген убакытка чейин бүтүрө албай, келишимди бузуп жатат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик курулуш мекемесинин өкүлү айтты.
Маалыматка караганда, курулуш иштери 2016-жылы башталып, 2 этаптуу капиталдык ремонт жүргүзүлмөк.
"Граниттин аянты 14 миң 27 чарчы метр, мрамор болсо 4 миң 479 чарчы метр болгон. Тендер эмес, конкурс өткөрүлгөн. 70 миллион сом капиталдык ремонтко кеткен. СМУ-3 компаниясы жеңген. Азыр СМУ-3 менен маселе чыгып жатат. Алар белгиленген убакытка чейин тапшырып бере элек", - деди Мамкурулуштун өкүлү.
Алардын айтымында, СМУ-3 компаниясы базасы чоң болгону үчүн жеңүүчү деп табылган.