Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Кырчында жол тыгынында калып калганы боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, кызматтык иликтөө министрликтин кызматкерлерине карата жүрүп жатат.
"Биздин кызматкерлерге карата ички кызматтык иликтөө дайындалып, иш жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда маалымат таратабыз", - деди Аманкулова.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев буга чейин Эмине Эрдогандын жол тыгында калып калганы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен жооптуу адамдарга чара көрүлө турганын айткан.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен 2-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышып, эртеси жубайы Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан маданий иш-чараларга күбө болгон.